КАЛЕНДАРЬ 2018 ЧЕГИРТКЕГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫНЫН КАЛЕНДАРЫ

No hay miniatura disponible

Fecha

Autores

Título de la revista

ISSN de la revista

Título del volumen

Editor

FAO ;

Resumen

Descripción

Үйүр-үйүр болуп же жалгыздап жүргөн чегирткелер айыл чарба үчүн өтө олуттуу коркунуч туудурушат, анткени алардан маданий жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрү жапа чегишет. Чегирткелерге каршы күрөшүүнүн эң жакшы стратегиясы – бул алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү. Аталган стратегия - чегирткелер топтолгон жерлерди эртерээк аныктоо жана ага каршы аракеттерди тез арада ишке ашыруу максатында, чегирткелер кездешкен жерлерге алардын жашоо циклинин критикалык мезгилинде мониторинг жүргүзүү иштерин камтыйт. Мындай учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнө түздөн-түз коркунуч туула электе жана чегирткелердин саны анчалык көбөйө элек мезгилде аларга каршы күрөшүү иш-чараларын жүргүзүү абзел. Аталган календарь, негизинен, чегиртке каптаган аймактарда жашаган жергиликтүү калкка кам көрүү боюнча коопсуздук чараларын жүргүзүүгө багытталган. Календарь Япония эл-аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланып, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан чыгарылган. [Зыяндуу чегирткелерди көзөмөлдөөнү жакшыртуу долбоору (GCP/INT/238/JPN)].

Palabras clave

Citación